ЖЫЛНААМА, 4-ЯНВАРЬ: 75 жыл мурун кыргыздын жазгыч акыны, тамсилчи жана манасчы Тоголок Молдо көз жумган

Мындан 75 жыл мурун, 1942-жылы 4-январда акын, тамсилчи, бир катар насыят, санат, терме ырларынын жана поэмалардын автору Тоголок Молдо (Байымбет Абдырахман уулу) 82 жаш курагында көз жумган. Тоголок Молдону кыргыздын алгачкы жазгыч акындардын катарына киргизишет. Ал карапайым эл арасында агартуучулук иш алып барган алгачкы инсандардын бири.

Тоголок Молдо 1860-жылы 17-июнда Нарын өрөөнүнүн Куртка айылында туулган. Кийин чоң атасынын бир тууганы Музооке ырчыдан тарбия алган. Чыгармачылыгынын калыптанышына ошол адамдын түздөн-түз таасири тийип, чыгармачыл пайдубалынын түптөлүшүнө зор салым кошкон. Ырды 14 жашынан жаза баштап, көбүнчө сүйүү ырларына кайрылган. 18 жашында Тыныбек манасчыга жолугуп, чогуу жүрүп "Манасты" үйрөнгөн. "Шырдакбек", "Жаңыл Мырза", "Мендирман" дастандарын айтып, жаздырган. "Манасты", "Семетейди" да айтып элди көп кыдырган, санжыра жазган. Кошок ырлары да көп болгон. Тоголок Молдонун алгачкы ырлар жыйнагы “Насыят” деген ат менен Москвадан 1925-жылы жарык көргөн. Көзү тирүүсүндө, 1939-жылы акындын дагы эки жыйнагы жарыкка чыгып, башка тилдерге которулган. Фольклордук сюжеттеги "Кемпир-чал", "Бабырган", "Телибай тентек" жана башка көптөгөн сатиралык ырлары жана тамсилдери бар.
Тоголок Молдонун башка импровизаторлордон айырмачылыгы араб графикасында жаза билип, перс, араб, түрк элдеринин адабий мурастарын өз алдынча окуп, өзүнүн руханий дүйнөсүнө сиңире алгандыгында болгон. Низами, Навои, Хафиз, Абайдын чыгармалары менен тааныш болгон.
1938-жылдан баштап СССРдин Социал партиясынын мүчөсү, 1939-жылы кыргыз искусствосунун жана адабиятынын Москвада өткөн биринчи декадасынын катышуучусу, Ардак белгиси орденинин ээси. Акындын ысымы көптөгөн айылдарга, көчөлөргө коюлган. Ошондой эле кыргыз валютасынын 20 сомдук номиналына да анын сүрөтү түшүрүлгөн.

4-январга карата жылнаама.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан