Англиялык журналист "Титаниктин" айсбергден эмес, өрттөн улам кыйроого учураганын айтууда. Бул тууралуу чет элдик маалымат каражаттары жазып чыгышты.
Маалыматка ылайык, Шенан Молони 30 жыл бою кеменин кыйрашын изилдеп келет. Ал кеменин курулуш заводунан чыгарылып жатканда тартылган сүрөттөрүн карап, иликтөө жүргүзгөн. Жыйынтыгында оң тарабындагы кара такты көргөн. Дал ошол такка кийин айсберг урунган.
Журналисттин айтымында, кеменин күйүүчү май сакталуучу жайында өрт чыккан. Аны 12 адам өчүргөн. Натыйжада өрт чыккан жердеги темир мурунку калыбын жоготкон. Кийин борттогу офицерлерге атайын инструктаж өтүп, өрт жөнүндө ооз ачпоону буйруган. Ал эми эксперттер "Титаниктин" ичинде өрттүн болгонун тастыкташкан.
"Өрт, муз, шалаакылык - мунун баары дал келүү. Кара так калган жерди буга чейин эч ким изилдеген эмес. Бул толугу менен тарыхты өзгөртүшү мүмкүн", - деген оюн билдирген Молони.
Эске салсак, 1912-жылы чөгүп кеткен "Титаник" кемесинде 1500 адам болгон.