"Поп-музыканын падышасы" аталган америкалык ырчы, бийчи Майкл Жексондун карындашы, популярдуу ырчы Жанет Жексон 50 жашында эне болду. Ал кечээ, 3-январда көз жарган.
"Жанет Жексон жана анын күйөөсү, катардык миллиардер Виссам аль-Мана уулу Исса аль-Мананын жарык дүйнөгө келишине абдан кубанычта. Төрөт жеңил өтүп, учурда эне эс алып жатат", - деп билдирген түгөйлөрдүн жакындары.
2012-жылы Жанет Виссам аль-Манага турмушка чыккан. Бул ырчынын үчүнчү никеси. 2016-жылдын апрель айында Жанет дүйнөлүк турнесин токтотуп, өзүн үй-бүлөнү пландоого арнаарын айткан. Ал эми октябрь айында ырчы кош бойлуу экенин тастыктаган.