Имамдардын билим деңгээлин жогорулатууга арналган семинар башталды. Бул тууралуу бүгүн, 4-январда муфтияттын басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, жалпы имамдардын билим деңгээлин жогорулатуу максатында окуу семинарынын экинчи айлампасы башталды. Аталган окуу семинары өлкөнүн Мусулмандар дин башкармалыгы тарабынан уюштурулууда.
"Семинар дин кызматкерлеринин ишмердүүлүгүн жана билим деңгээлин жогорулатуу долбоорунун алкагында өткөрүлүүдө. Анын экинчи этабында Баткен, Ош облусунун жана Ош шаарынын имамдары билим алышат. Мында имамдардын этикасы, пайгамбарлар тарыхы, ислам тарыхы, кыргыз маданияты жана дин, Куран жана иш кагаздары боюнча билимдерин тереңдетишет. Учурда 140 имам катышууда", - деп билдирди басма сөз кызматы.