Легендарлуу америкалык мушкер Мухаммед Алинин мурастары анын жакындары арасында талашка түшүшү ыктымал. Бул тууралуу чет элдик маалымат булактары кабарлашты.
Маалыматка ылайык, Али 4 ирет үйлөнгөн. Мураскерлердин арасына анын 7 кызы жана 2 уулу кирет. Анын артында 80 миллион долларга бааланган мүлк калган. Мүлктүн эң көп бөлүгүн анын акыркы жубайы Лонни алат. Ал эми калгандары 6 миллион доллардан алышат. Бул кырдаал мураскерлер арасында түшүнбөстүктү жаратышы мүмкүн деген божомолдор айтылууда.