Тышкы иштер министрлиги Йахье Машрапов боюнча билдирүү таратты

Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги Стамбулдагы кол салууга шектүү деп паспортунун сүрөтү жарыяланган Йахье Машрапов боюнча билдирүү таратты. Анда Түркиянын Машрапов боюнча эч кандай расмий билдирүү жөнөтпөгөнү жана "анын терактка катыштыгы бар" деген маалымат такталбаганы айтылат.

"Кыргыз Республикасынын укук коргоо органдары бул маселе боюнча иштеп жатышат. Учурда Машраповдун 1-январда Стамбулга барып, кайра 3-январда Бишкекке келгени аныкталды. Түрк полициясы аны Стамбулдагы аэропортто суракка алып, кайра коё берген", - деп айтылат билдирүүдө.

Айта кетсек, 31-декабрдан 1-январга караган түнү Стамбулдагы "Рейна" түнкү клубуна куралдуу кол салуу болуп, 39 адам каза тапкан. Ал эми 70ке жакын адам ар кандай жаракат алган. Каза болгондордун арасында Орусиянын, Бельгиянын, Франциянын, Индиянын, Ирактын, Сауд Арабиянын жарандары да бар. Ал эми "Ислам мамлекети" террордук тобу "терактты биз уюштурдук" деп жарыялады.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (11)
KGstan1981
2017-01-04 14:26:02
Йахье Машрапов кайсыл мамлекетте торолду туулду ошону такташ керек.Балким Кытайдын Синьцзян Уйгур Автономиялык Республикасында туулган анан ХХХ акчага Кыргызстандын паспортун сатып алган.
+26
admin_portal
2017-01-04 17:30:00
KGstan1981, такталбаган маалыматты жазуудан алыс болуӊуз. Оозеки эскертүү!
-1
aikokul14
2017-01-04 19:49:46
KGstan1981,бул бала Кара Сууда эле туулуп,оскон озбек.
0
Ago
2017-01-04 16:08:59
Ар бир кыргызстандан чыккан терорист учун жоопкерчиликти Сарпашев алыш керек!!!
+17
cubich
2017-01-04 17:14:17
Интернеттен корсонор Машрапов Кара-Сууда торолгонмун деп жатат го. Уйунун алдында репортаж алышыптыр. Кокусунан 1 кун башта барган болгондо Стамбулга, Машрапов турмого олтурмак менин ойумча.
+2
Belek2070
2017-01-04 17:26:12
Машраповтор куйгузду ушулардын айынан кай жерде кылмыш болбосун кыргыз жараны деп жазылат, башкалар билбейт экенда Фаркат Шухрат Боходир, Мансур, Хусан дегендер кыргыздын аты эмес экенин кыргыз улуттук паспорт которуп журсо. Турсунбай Бакир уулу которуп чыкты эле улут дегенди жок кылалы деп, улуту жазылбаса мен кыргызмын деп ачык суйлоп калат буларын Турсунбай.
+11
admin_portal
2017-01-04 17:33:09
Altai85,
1. Башкалардын улутун кемсинткен билдирүүлөрдү калтырууга тыюу салынган. Билдирүүлөрүӊөр өчүрүлдү.
2. Кимдир-бирөөнүн кадыр-баркына шек келтирген билдирүүлөрдү калтыруудан алыс болуӊуз.
Эскертүү!
-4
barsa30
2017-01-04 18:30:39
эн жакшысы акталыптырда башка улут болсо дагы ал биздин жаран.
-2
Siren90
2017-01-04 18:45:43
Кыпкыргызча эле суйлоп жатат го, кыргыз болуп туруп кыргызча суйлой албагандар деле журот го кыргыз болуп, эн негизгиси эч кандай тиешеси жок экен террактка.
0
kamchatka
2017-01-04 19:19:53
Хажимурод, Коркмаз Анвар Икрам деген адамдардан жакшы нерсе чыкпайт окшойт.
+4
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан