Биз социалдык тармакта

Алайда жер көчкү коркунучу пайда болгон жерден 25 адам коопсуз жайга көчүрүлдү

Алай районундагы жер көчкү коркунучу пайда болгон жерден 25 адам коопсуз жайга көчүрүлдү. Бул тууралуу бүгүн, 4-январда Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.

Маалыматка караганда, бүгүн саат 12:30 чамасында Алай районундагы Чакмак айылында жер көчкүнүн сүрүлүүсү байкалган. Мындан улам жер көчкүнүн багытында жайгашкан 3 үйдүн жашоочуларын коопсуз жайга көчүрүү иштери жүргүзүлдү. 2 үйдө жашаган 25 адам эвакуацияланып, ал эми үчүнчү үй кулпуланып турат. Жарандык коргонуу кызматы менен Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин адистери жеринде иш алып барышууда.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
urmat-87
2017-01-04 15:45:27
Эл журт туура сйлөгөндү качан уйрөнөбүз?качан гана көчкөндө айтса болотго, көчкүлө дедик дешсе жакшы болмок.
+1
aselka
2017-01-04 21:44:07
urmat-87,тушунуктуу эле жазылып турат, уй жайынан кочурдук деп
0
urmat-87
2017-01-05 09:05:05
aselka көчургөндон кийин анан айтпайбы көччурулбөй эле жашап атышатго ошону айтып атам
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан