Аялдамаларга туш келди чапталган жарнамалар көзөмөлгө алынат

Кыргыз мамлекетинде "Жарнак жөнүндө" мыйзамга өзгөртүү киргизилди. Президент Алмазбек Атамбаев кол койгон мыйзамга ылайык, "Административдик жоопкерчилик жөнүндө" кодекске да өзгөртүү киргизилип, жарнама мыйзамдарын бузгандарга жазаны күчөтүү нормалары каралды. Аялдамага жарнама илүүнүн тартиби боюнча "коомдук унаалардын аялдамасына жарнама ошол аймактагы жергиликтүү бийликтин уруксаты менен гана илинет. Илинген жарнама аялдаманын аталышын жаап калбашы керек" деген талап жазылды. Кол коюлган мыйзам расмий жарыяланган күндөн 10 күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

Туш келди илинген жарнамалар менен жарыялар, аны илгендердин жоопкерчилиги боюнча SUPER.KG порталы буга чейин атайын материал даярдаган. Чар жайыт илинген көрнөк-жарнактар айрыкча шаарлардын көркүн бузат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Seryi-Kardinal
2017-01-04 18:20:56
Жакшы болуптур самтыратпай
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан