2017-жыл жаңырган түнү саат 00:00дө Кыргыз өлкөсүндө эки кыз төрөлдү. Наристелердин биринин энеси Нарын облусунун Ак-Талаа районундагы Тоголок Молдо айылынын, экинчиси Баткен облусунун Баткен районундагы Чоң-Кара айылынын тургундары.
SUPER.KG порталы энелерди кош майрамы менен куттуктап, абалын сурады.
Ымыркайды жарык дүйнөгө алып келген Чоң-Кара айылынын 22 жаштагы тургуну Күйлү кызы Айпери: "Кызым 3 килограмм 480 грамм болуп төрөлдү. Төрөттү кабыл алган акушерлерге чоң рахмат! 3 күн төрөтканада жатып, андан соң үйгө чыктык. Абалыбыз жакшы. Кызым Жаңы жыл майрамында төрөлгөндүктөн, атын Жаңылай деп койдук. Мындан улуу дагы бир кызыбыз бар", - дейт.
Ал эми Ак-Талаа районунун тургуну, 27 жаштагы Бурулсун Ботоканова: "30-декабрь күнү саат 20:00 чамасында төрөт үйүнө келгем. 3 килограмм 200 грамм салмакта кыз төрөдүм. Бул үчүнчү кызыбыз болуп үй-бүлөбүздүн катарын толуктады. Атын Арууке деп койдук. Төрөт үйүнөн бүгүн, 4-январда үйгө чыгарылдык", - деп билдирди.
Саламаттыкты сактоо министрлигинин Медициналык жардам көрсөтүү башкармалыгынын башкы адиси Раиса Асылбашева билдиргендей, 31-декабрда эртең мененки саат 08:00дөн тарта 1-январь, 08:00гө чейин өлкө боюнча 316 наристе жарык дүйнөгө келген. Анын 155и уул болсо, 161 ымыркай - кыз.