СУПЕРСТАН: "Үй-бүлөсүн бага албаган эркектер аң-сезими жеткиликтүү өрчүбөй калгандарбы?"

SUPER.KG порталынын "Суперстан" бөлүмүндө "Жашоодо эч нерсе колунан келбеген үй-бүлө башчыларына кандай карайсыңар?" деген тема талкууга алынууда.

Темадагы билдирүүлөрдөн:

"Үй-бүлөсүн баккандарга даңк! Өзүн эптей албагандарга жаман сөздөр - оосуракка арпадан жасалган ун шылтоо".

"Мен ушундайлардан корком, бекерчи, калпычылардан Кудай сактасын. Эркек эле эмес, кыз кишилерге да жарашпайт".

"Үй-бүлөсүн бага албаган эркектер, биринчиден, аң-сезими жеткиликтүү өрчүбөй калган адам, башкалардан айырмасы - ак менен караны ажырата албай калган. Ал бирөөгө көз каранды болуп өтөт. Экинчиден, алдыга койгон максаты жок. "Кардым тойсо, күлгө барып оонасам" болуп өмүрүнүн өткөнүн деле билбей калышат. Бир күнү караса эле баласы, кызы бойго жеткен. Анда дагы жакшы аял туш болуп калган болсо".

"Мындай эркектерге эч ким жардам бербеш керек. Башына кыйынчылык түшкөндө аракет кылып, өзү акча таап үй-бүлөсүн бага баштайт. Ата-эне, кайын журту өмүр бою бакмак беле? "Өзүң тап, көйгөйүңдү өзүң чеч" деп таштап коюшса, бир айласын таап тирилик кылганга үйрөнөт".

Талкууга кошулгуңуз келсе, бул жакка кириңиз.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (9)
Mekush87
2017-01-05 16:08:40
Эн сонун кеп,уй-булоосун бага албаган эркекти эркек деп айтпай эле койгон жакшы.Анан да аялын иштебейсинби деп койгондорчу...
+9
barakcha
2017-01-05 16:55:49
Мындай эркектин барынан жогу жакшы.
+6
Danik
2017-01-05 17:57:25
Ничебо, Баардык эле Эркектер Багалса керек, Просто Ошол эркектин жолун тоскон аялдар болушат,, аял Жакшы болсо болду баары жакшы болот.
-1
aikokul14
2017-01-05 18:16:02
Эркекти эр кылган дагы,жер кылган дагы биз аялдарбыз,эркектин "тилин"таап мамиле кылсан жалкоо эркек болбойт.
+5
azamat.k
2017-01-05 19:18:58
Ошол эркек сенин атан,жаман эркек болсо да сен кызы же баласысын.Анан эле эркеке асылганынар кандай.Катындар не айдан тушуптурбу,адам болгондон кийин ар кандайы болот.
+5
erlist
2017-01-05 20:22:47
Уй булосун бага албаган барын жогу деп кыргыздын катындары ээн башыраак келет.Эркектердин авторитети кетти.Ар бир эркек оз катындарынарды ошон учун катуу кармашы дурус а то тетигинтип ээн баш катындардын созун угабыз.Илгери аталарыбыздан кандай корчу элек атанын авторитети кандай эле эркектер ойлонгула ..
+2
arzygulR
2017-01-05 20:33:06
Тим эле эркекти эр кылганда аял деп жазасынар баш коч каяка барса аягы ошол жака барат азыркы убакта кээ бир эркектер бир аял мн баласын багалбай калдыго уят айласыздан кичинекей баласын таштап иштегени кетишет балага эле жалко бечара ата эненин мээримин корбой чоноет
+1
Gena1
2017-01-05 22:07:52
Албетте аракет кылуу керек. Бирок, олкобуздун экономикасы жогору эмес, кээ бирде шартка жараша акча тартыш учурлар болуп калат. Ага сабыр кылууга чакырат элем кыргыз кыздарын.
+3
Urushina
2017-01-06 03:22:25
МЕнин оюмча,азыркы учурда эркектерге дем, куч, ишеним берген гана аялдар жылуу уйдо балдарын карап, а куйоосу сырттан акча таап уй-булосун багып жатат. Эркектерди кемсинтип, дем куч эмес кун сайын нааразы болгондор оздору сыртта журушот. Эркек киши азбы, коппу тапканына ыраазы болсон гана, алар дагы кобуроок тапканга аракет кылат го! биздин - аялдардын тапкан акчасынын берекеси аз, эркектер аз тапса да берекеси мол болот.
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан