Мындан 42 жыл мурун, 1975-жылы 5-январда Кыргыз мамлекетинде биринчи болуп жүрөккө операция жасаган белгилүү хирург, медицина илимдеринин доктору, профессор, академик Иса Ахунбаев 67 жаш курагында каза болгон.
Ал 1908-жылы 25-сентябрда Ысык-Көл районунун Тору-Айгыр айылында туулган. Үй-бүлөсү менен Үркүндө Кытайга качып барышып, 8 жашында койчу болуп иштеген. 15 жашында туулуп-өскөн айылына кайтып келип, айылдагы мектептен билим алат. Андан соң Ташкенттеги Орто Азия медициналык институтун бүтүргөн. Ооруканада дарыгер-ординатор, Кыргыз ССРинин саламаттык сактоо эл комиссарынын орун басары, Кыргыз мамлекеттик медициналык институтунун ассистенти, доценти, кафедра башчысы, ректору болуп эмгектенген. СССР Илимдер академиясынын Кыргыз филиалынын Президиумунун төрагасы болуп иштеген. И.К.Ахунбаев Кыргыз илимдер академиясынын түптөлүүсүнө активдүү катышкан. Натыйжада 1954-жылы Кыргыз илимдер академиясы ачылып, анын биринчи президенти болуп шайланган жана ал бул кызматта 1954-жылдан 1961-жылга чейин иштеген.
Айтылуу хирургдун 300дөн ашык илимий эмгектери (анын ичинде 8 монографиясы, 3 сөздүгү) жарыяланган. Анын жетекчилиги менен 6 докторлук, 35 кандидаттык диссертациялар жакталган. Республикага эмгек сиңирген дарыгер, Кыргыз ССРинин Илимге эмгек сиңирген ишмери, илим жана техника боюнча Мамлекеттик сыйлыктын ээси. 3 Ардак белгиси, Эмгек Кызыл Туу, Ленин, Октябрь революциясы ордендери, медалдар жана Кыргыз ССР Жогорку Советинин Президиумунун Ардак грамоталары менен сыйланган. Ал бир канча жолу эл аралык илимий жана коомдук форумдарга, хирургиялык конгресстерге катышкан.
2001-жылы ошол убактагы президент Аскар Акаев тарабынан XX кылымдагы көрүнүктүү илимий жетишкендиктери үчүн Иса Ахунбаевдин үй-бүлөсүнө алтын медаль тапшырылган. Ал эми 2008-жылы мурунку президент Курманбек Бакиевдин буйругу менен Кыргыз мамлекеттик медициналык академиясына ысымы берилген. Андан сырткары Бишкек шаарынын чоң көчөлөрүнүн бири Иса Ахунбаевдин атын алып жүрөт.
5-январга карата жылнаама.