ЖЫЛНААМА, 5-ЯНВАРЬ: 180 жыл мурун Орхон-Эне-Сай жазууларын биринчи болуп окуган түрколог, чыгыш таануучу Василий Радлов төрөлгөн

Мындан 180 жыл мурун, 1837-жылы 5-январда орусиялык чыгыш таануучу, түрколог, этнограф жана археолог Василий Радлов Германиянын Берлин шаарында төрөлгөн. Берлин университетинде чыгыш илимдери боюнча мыкты билим алган В.Радлов 1958-жылы Германияны таштап, биротоло Орусияга келген. Болочок академик кийин Барнаулга жер которуп, Алтай аймагына археологиялык жана этнографиялык экспедицияларды уюштура баштаган. Алтай жана Саян аймагынан ал теңдешкис лингвистикалык маалымат топтоп, "Түрк калктар адабиятынын элдик адабияты" деп аталган үч томдук фундаменталдык эмгегин жарыялаган. Академик В.В.Радлов Кыргыз өлкөсүнө келген маалында "Манас" эпосун жазып алып, 1885-жылы анын текстин кыргызча жана немис тилдеринде жарыялаган.

Биринчилерден болуп Орхон-Эне-Сай жазуусун окуган изилдөөчү манасчылардын, кыргыз ырчыларынын төкмөлүк өнөрүнө таң калып, бул өнөрдүн башка түрк элдерине караганда кыргызда өзгөчө өнүккөнүн баса белгилеген. Радловдун түрк тилдеринин, дагы башка кээ бир тилдердин классификациясын, тарыхый диалектологиясын жана түрк элдеринин этногенезин изилдеген эмгектери да бар.

Василий Радлов 1918-жылы 12-майда 81 жашында Орусиянын Петроград шаарында көз жумган.

5-январга карата жылнаама.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан