Кара-Кулжа районундагы аймактык ооруканада жылытуу системи толук кандуу иштеп жатат

Ош облусунун Кара-Кулжа районундагы аймактык ооруканада жылытуу системи толук кандуу иштеп жатат. Бул тууралуу бүгүн, 5-январда SUPER.KG порталына Кара-Кулжа райондук жугуштуу оорулар бөлүмүнүн башчысы Зикир Шалтаков билдирди.

"Биздин ооруканада жылытуу системи толук кандуу иштеп жатат. Эч кандай кемчилик жок. Учурда оорукананын ичинде бөлмөдөгү жылуулук 18 градустан төмөн эмес. Азыр бизде сыртта -2 градус суук болуп турат. Мындан улам бөлмөлөргө жылуулук берип жатабыз. Ошол эле учурда түнкү 24:00дөн 02:00гө чейин эл уктап жатканда жылуулукту өчүрүп жатабыз, анткени системди эс алдыруу керек", - деп билдирди Шалтаков.

Маалыматка ылайык, бейтапканада электр жылытуучу системи күндүз 12:00дөн 14:00гө чейин өчүрүлөт. Айрым учурларда электр зымдарына күч келгенде эртең мененки 07:00дө азыраак убакытка өчүрүлөт.

"Жылуулук системи Советтер Союзу мезгилинде орнотулган. Ошентсе да иштөө нормасы өз калыбында. Атайын пландуу өчүргөн учурда бөлмөлөр суук болуп жатат деп окурмандар маалымат берсе керек. Суук болуп жатат деген туура эмес. Бүгүнкү күндө бейтапканада 56 адам дарыланууда", - деп кошумчалады оорукананын башчысы.

Эске салсак, окурман "Элдик кабарга" палаталар суук болуп, дарыгерлер "үйүңөрдөн жылыткыч алып келгиле" деп жатышканын билдирген.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан