Бишкектеги Шопоков-Киев көчөлөрүнүн кесилишинде белгисиз жарандар тарабынан 3 кызыл карагай кыйылган. Бул тууралуу Бишкек шаардык мэриясынын басма сөз кызматы бүгүн, 5-январда билдирди.
"Белгисиз жарандар өз билемдик менен кызыл карагайларды кыйып кетишкен. Окуя болгон жерге "Жашылдандыруу" ишканасынын жана Санитардык-экологиялык инспекциянын адистери барып, кызыл карагайлар кол араа менен кыйылганын аныкташкан. Санитардык-экологиялык инспекция Мамлекеттик экотехинспекция менен биргеликте акт түзүп, шаардын көркүн бузган жарандардын өздүгүн тактоо үчүн Свердлов РИИБине кайрылышты", - деп жазылат маалыматта.
Кызыл карагай - дайыма көгөрүп туруучу ийне жалбырактуу дарак. 100 жылдан 600 жылга чейин жашайт. Алгачкы 100 жылда өтө тез өсөт. Анын сөңгөгүнүн бийиктиги 35-75 метрге, диаметри 4 метрге жетет.