ЖЫЛНААМА, 5-ЯНВАРЬ: 85 жыл мурун "Фуко маятниги", "Роза аты" китептеринин автору, италиялык жазуучу, ойчул, окумуштуу Умберто Эко төрөлгөн

Мындан 85 жыл мурун, 1932-жылы 5-январда италиялык жазуучу, философ жана окумуштуу Умберто Эко Италиянын Алессандрия шаарында төрөлгөн.

Турин искусство университетинде билим алып, орто кылымда жашаган ойчул Фома Аквинскийдин жашоосу тууралуу дипломдук иш жазган. Телевидениедеги маданият темасындагы көрсөтүүлөрдүн редактору болуп иштеп, гезиттерге аналитикалык макалаларды жазган. Ошондой эле Италиянын, АКШнын, Франциянын, Австралиянын жана СССРдеги мамлекеттердин жогорку окуу жайларында эстетика жана маданият теориялары боюнча лекцияларды окуган.

Жазуучу "Роза аты" (1980), "Фуко маятниги" (1988), "Баудолино" (2000), "Лоана канышанын табышмактуу жалыны" (2004), "Прагадагы мүрзө" (2010) жана башка адабий чыгармаларды жараткан. Анын "Роза аты" чыгармасы 1986-жылы француз режиссёру Жан Жак Анн тарабынан экрандаштырылып, бир жылдан соң ал тасма "Сезар" сыйлыгын алган.

У.Эко Болон университетинин профессору, чет элдик окуу жайлардын ардактуу доктору, француз офицердик ардактуу легион орденинин ээси болгон. Анын акыркы чыгармасы "Нөлдүк сан" деп аталып, жазуучунун көзү өтөрдөн 1 жыл мурун жарыкка чыккан. Ал философия, семиотика, медиевистика илимдерине кызыгып, китеп жазып, изилдөөлөрдү жүргүзгөн.

У.Эко 2016-жылдын 19-февралында 85 жаш курагында көз жумган.

5-январга карата жылнаама.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан