Өзбекстандын Ташкент шаарында кошумча метронун курулушу башталды. Бул тууралуу бүгүн, 5-январда жергиликтүү маалымат булактары жазып чыгышты.
Маалыматка ылайык, жаңыдан курулуп жаткан метро Сергели районунан башталды. Жер алдынан жүрүүчү поезд жолунун узундугу 8 чакырымга жетет. Жалпысынан 6 линия салынат. Курулуш долбоорун 4 жыл ичинде бүткөрүү пландалган.
Эске салсак, Борбордук Азияда алгачкы жолу метро каттамы Ташкент шаарында 1977-жылы Советтер Союзунун 60 жылдыгына карата ачылган. Курулуш калк жыш жайгашкан аймакка курулган.
Учурда Ташкенттин борборунда 3 линияда каттаган метро иштеп келет.