Мындан 4 ай мурун рак оорусуна чалдыгып, учурда дарыланып жаткан "Кыргызстан сулуусу-2013" Жибек Нукееваны колдоо максатында кайрымдуулук концерти өтөт. Бул тууралуу SUPER.KG`ге эжеси Медина Нукеева билдирди.
"21-январда "Сейтек" балдар борборунда кайрымдуулук концерти уюштурулуп жатат. Концертке ырчылар Кайрат Примбердиев, Эрнис Асаналиев, Аяна Касымова, "Non-Stop" дуэти, Иса Өмүркулов, Руслан Абылов, бийчи Жан Воинов жана башкалар катышарын билдиришти", - дейт М.Нукеева.
Медина Нукеева дале сиңдисинин абалы оор экенин кошумчалады.
Белгилей кетсек, 2016-жылдын декабрь айынын акыркы жумасында Жибек Нукеева социалдык тармактагы баракчасына рак оорусуна чалдыкканын жазып, жалпы калың кыргыз журтчулугунан жардам сурап, жаңы төрөлгөн баласы менен көп убакыт бирге болууну тилеп жатканын айткан.