ЖЫЛНААМА, 5-ЯНВАРЬ: 10 жыл мурун ачкачылыкты жеңүүнүн жолун издеп, тез даярдалуучу кесмени ойлоп тапкан япониялык ишкер Андо Момофуку көз жумган

Мындан 10 жыл мурун, 2007-жылы 5-январда тез даярдалуучу кесмени ойлоп тапкан япониялык ишкер Андо Момофуку көз жумган.

Ойлоп табуучу 1910-жылы 5-мартта Тайванда төрөлгөн. II Дүйнөлүк согуштан кийин Японияда тамак-аш жетишсиздиги байкалган. Ошол мезгилде кредиттик союздун башчысы болуп иштеп жаткан Андонун компаниясы банкрот болуп, жаш финансист акчасы жок көчөдө калат. Ачкачылык, акча жетишсиздиги көйгөйлөрүн чечүүнүн жолдорун ойлонуп отуруп, рынокту багындыруунун куралы өтө кымбат эмес, бирок даамдуу тамак-аштын түрү болуш керек деген чечимге келет.

Япония салттык күрүч маданиятынын өлкөсү болгондуктан, нан япондуктар үчүн көнүмүш эмес тамак болгон. Бирок АКШдан гуманитардык жардам катары өлкөгө буудай келе баштаган. Ушул мезгилде Момофуку өзүнүн үйүн бат даярдалуучу кесмени жасоо үчүн лабораторияга айланткан. Аялынын япондордун куурулуп даярдалуучу тэмпура тамагын жасоо үчүн ачыткы кошулбаган суюк камырды колдонуп жатканын көрүп, камырда болпоктогудай (губка) тешиктер пайда болгонун байкаган. Ушул технологияны тез даярдалуучу кесмени жасоодо пайдаланып, ал максатына жеткен.

1958-жылы Момофуку кичинекей соода үйүн ачып, өзүнүн брендин жарнамалоону баштайт. Ошентип, анын кесмеси популярдуу болуп, 30 жылдан кийин ойлоп табуучу "Чөйчөктөгү кесме" деп аталган жаңы кесмени иштеп чыгат. Ишкер кийинчерээк өзү жасаган куурулган кесмеге ысык суу куюлса шорпо жасаларын байкап, ага ичинде пальма майы жана татымалдар бар эки кичинекей баштыкча кошуп, ойлоп тапкан тамагын "Chikin Ramen" (тоок этинен рамэн) деп атаган. Маалыматтарга таянсак, дүйнө жүзүндө орточо эсеп менен жыл сайын 44 миллиард порция тез даярдалуучу кесме жана вермишель желет.

2000-жылы Японияда өткөрүлгөн коомдук пикир сурамжылоосунун жыйынтыгында Андо Момофукунун тез даярдалуучу кесмеси 20-кылымдын эң башкы, маанилүү ойлоп табуусу деп аталган.

5-январга карата жылнаама.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
Lion.
2017-01-05 13:13:23
Ошондо алкони менен кукчиби?
+1
suban78
2017-01-05 13:32:42
Жок доширак.
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан