"Эйр Кыргызстан" Кытай авиакомпаниясы менен биргеликте ишкана түзөт

Жогорку Кеңеш "Эйр Кыргызстан" ачык акционердик коомун өнүктүрүү максатында аны менчиктештирилчү объекттердин тизмесине кошкон. Өкмөттүн 2016-жылдын 16-февралындагы буйругу менен Мамлекеттик мүлктү башкаруу фонду менен Транспорт жана жол министрлигине "Эйр Кыргызстан" ачык акционердик коомунун акцияларын сатуу боюнча инвестициялык сынак жүргүзүү тапшырмасы берилген. Бул тууралуу аталган министрликтин басма сөз кызматы бүгүн, 5-январда кабарлады.

Сатып алууга потенциалы жогору болгон кызыкдар тарап жок болгондуктан, 2016-жылдын 6-сентябрына белгиленген алгачкы сынак өтпөй калган.

"Чет элдик катышуучулардын жоктугуна Кыргыз Республикасынын Аба кодексиндеги "мамлекеттик үлүшү бар ишканалардын акцияларынын 49 пайызы гана чет элдиктерге сатылат" деген шарты себеп болууда. Чет элдик компаниялар акциялардын көзөмөлдүк пакетин же 51 пайызын алууга кызыкдар. Мисалы, "Эйр Астана" авиакомпаниясынын 49 пайызын сатып алган чет элдик ишканага кошумча 2 пайыз ишеним боюнча берилген", - деп жазылат маалыматта.

Кечээ, 4-январда "Эйр Кыргызстан" ААКы "China Southern Airlines" авиакомпаниясы менен биргеликте ишкана түзүү керектигин билдирип, жолугушуу өткөрдү. Аталган авиакомпаниянын Бишкектеги башкы директору Ли Лян кытай тарап буга кызыкдар экенин белгилегени маалым болду.

"Бул ишкана түзүлсө, кытай тарап 5 жыл аралыгында авиапаркты 5-6 жаңы учак менен камсыздап, учуу каттамдарын кеңейтет. Транспорт жана жолдор министри Жамшитбек Калилов жолугушууга келгендерди КРнын мыйзамына ылайык өздөрүнүн сунуштарын киргизүүгө чакырды", - деп айтылат маалыматта.

"China Southern Airlines" мамлекеттик авиакомпаниясы Кытайда 5 ири компаниянын катарына кирип, 600дөн ашуун Боинг жана Аэробус учактары менен камсыздалып, 261 багыт боюнча күнүнө 2500 каттам аткарат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
MAKALAK
2017-01-05 12:44:48
антпесе жакында банкрот болот бир эле самолетту калыптыр.Жашыруун жок болуп кетти учактары Екатеринбург Москвага учпай калды
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан