"Альтернативдик балаты" сынагы жыйынтыкталганын бүгүн, 5-январда Бишкек шаардык мэриясы билдирди.
"28-декабрда Дайыр Асанов атындагы сейил багында жаңы жылдык сынак жыйынтыкталып, жеңүүчүлөргө баалуу белектер жана мактоо баракчалары тапшырылды. Сынактын максаты - Октябрь районунун жашоочуларын жаңы жылдык майрамдарды өткөрүүгө активдүү катышуусуна шарт түзүү, жаштардын, уулу муундун чыгармачылыгын өстүрүү болгон", - деп айтылат маалыматта.
"Колдо бар буюмдар менен кооздолгон мыкты, оригиналдуу балаты", "Улуттук баалуулуктар менен кооздолгон мыкты балаты", "Түрдүү фирма, компаниялардын белгилери колдонулган мыкты жарнамалык балаты" номинациялары боюнча жеңүүчүлөр аныкталып, 2 миң сомдон 10 миң сомго чейинки суммадагы акчалай сыйлыктар тапшырылган.
Сынакка катышууга жалпы 31 эмгек келип түшкөн.