Мындан 84 жыл мурун, 1933-жылы Америка Кошмо Штаттарынын Сан-Франциско шаарында айтылуу "Алтын дарбаза" асма көпүрөсүнүн курулушу башталган.
Көпүрөнүн долбоорун инженер Жозеф Страусс жана кеңешчи-архитектор Ирвинг Морроу даярдаган. Ал эми андагы математикалык эсептөөлөрдү латвиялык иммигрант Лев Моисеев жана Чарльз Альтон Эллис жасашкан.
Куруу иштери 4 жылга созулуп, 1937-жылы 27-майда "Алтын дарбаза" жөө жүрүүчүлөр үчүн ачылган. Алгачкы 12 саат ичинде көпүрөдөн жөө адамдар гана баса алса, эртеси АКШнын ошол убактагы президенти Франклин Рузвельттин жарлыгы менен автоунаалар жүрө баштаган. Анын узундугу 2737 метрди, ал эми салмагы 894 500 тоннаны түзгөн. Көпүрөнүн тирөөчтөрүнүн суу алдындагы бийиктиги 230 метр болсо, ал эми суунун бетинен унаа өтүүчү жол бөлүгүнө чейинки аралык 67 метрди түзөт. Көпүрө Сан-Франциско менен Марин округунун түштүк бөлүгүн бириктирип турат.
"Алтын дарбазадан" түштүк багытка өтүү үчүн жеңил унаалар 5 доллар төлөшсө, түндүк багытка жүрүү бекер. Ал эми "Тез жардам", полиция жана өрт өчүрүү кызматтарынын унаалары, жөө жүрүүчүлөр, шайтан арабачандар акча төлөбөстөн каалаган багытка өтө алышат.
Дүйнөдөгү эң кооз көпүрөлөрдүн бири өз жанын кыюучулардын жайы катары да белгилүү. Орточо эсеп менен ар бир эки жумада бир адам ушул көпүрөдөн өзүн таштап өмүрүн кыят. Расмий эмес маалыматтарга ылайык, акыркы 70 жылдан бери көпүрөдөн 1300дөн ашуун адам сууга секирип каза тапкан.
5-январга карата жылнаама.