Марихуананы легалдаштыруунун тарапташтары 20-январда Дональд Трамптын инаугурациясында баңгизаты бар 4,2 миң тамеки таратышат. Бул тууралуу "New York Post" басылмасы жазып чыкты.
Баңгизат саат 8:00дө Вашингтондогу "Dupont Circle" аянтында таратылып, катышуучулар президенттин инаугурациясы өтө турчу Улуттук аллеяга чейин жөө басышарын жазган басылма. Маалыматка ылайык, 4 мүнөт 20 секундага уланган Трамптын сөзүнөн кийин активисттер баңгизат салынган тамекини чегип башташат. Муну менен алар камакка алынышы мүмкүн, себеби аталган аллея баңгизат колдонууга тыюу салынган федералдык аймакка кирет.
Бул акциянын уюштуруучулары - "DCMJ" деп аталган топ.
"Биз марихуананы Вашингтондо легалдаштырдык, бизден бул укукту эч ким тартып албайт! Бул акция Трамптын тарапташтарынын арасында марихуананын колдонуучулары көп экенин көрсөтүүгө мүмкүнчүлүк. Бизге кошулуп, жыргал мүнөттөрдү өткөргүлө!" - деп жазылган топтун социалдык тармактагы баракчасында. Бул билдирүүнүн алдына учурда түрдүү комментарийлер жазылууда.