Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев, бүгүн, 5-январда “2017-жылды Ыйман, адеп жана маданият жылы деп жарыялоо жөнүндө” жарлыкка кол койду. Бул тууралуу КРнын Президентинин Аппаратынын маалыматтык-саясат бөлүмү билдирди.
“Дүйнөлүк өнүгүү багыттары жана жаңы технологиялар Кыргыз Республикасында оң өзгөрүүлөр, мүмкүнчүлүктөр менен катар эле жаңы сыноолорду пайда кылды. Бул шартта өлкөнүн стратегиялык өнүгүү максаттарына жетүү үчүн мамлекеттин жана коомдун бардык күч-аракетин адамга, анын адеп-ыйманына жана руханий дүйнөсүнө багыттоо зарыл.
2016-жылы өткөрүлгөн Тарых жана маданият жылы жалпы колдоого ээ болуп, элибиздин тарыхый жана маданий мурасынын түгөнгүс кудурет-күчүн ачып көрсөттү жана жаңы кыргыз коомун түзүүгө негиз болгудай пайдубал бар экенин ырастады.
Өлкөбүздүн башкы байлыгы – анын жарандары. Учурда кыргыз элинин мезгил сыноосунан өткөн руханий жана адеп-ыймандык асыл нарктары менен алдынкы дүйнө таанымды айкалыштырган ар тараптан жетик инсанды калыптандыруунун мааниси өстү. Ушул максатта өзгөчө күч-аракет балдар менен жаштарга багытталууга тийиш. Калкыбыздын жарымынан көбүн 25 жашка чейинкилер түзөт, алар - Кыргыз Республикасынын негизги ресурсу, келечектеги бакубаттыктын уюткусу.
Кыргыз мамлекетинин ийгиликтүү өнүгүшү үчүн жарандарыбыз, жаштарыбыз адептүү жана ыймандуу, терең билимдүү, башка ой-пикирлер менен көз караштарга сабырдуу болуп тарбияланууга жана өз элинин тарыхы менен маданиятын билүүгө тийиш. Ошондуктан азыркы шартта заманбап билим берүү, маданият жана маалымат саясатын калыптандыруу, өз тарыхыбыз менен маданиятыбызга таянуу аркылуу таалим-тарбия системин түзүү мамлекеттин маанилүү милдети болуп саналат.
Кыргыз Республикасынын стратегиялык милдеттерин жүзөгө ашыруу, мамлекет менен коомдун күч-аракетин түздөн-түз адамга, анын руханий дүйнөсүнө, адеп-ыйманына жана маданиятына багыттоо максатында, ошондой эле коомчулуктун кайрылууларын эске алып Кыргыз Республикасында 2017-жыл "Ыйман, адеп жана маданият жылы" деп жарыялансын", - деп жазылат жарлыкта.
Ошондой эле Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө Ыйман, адеп жана маданият жылын өткөрүү боюнча уюштуруу комитетин жарандык коомдун өкүлдөрүнүн катышуусу менен түзүү, Ыйман, адеп жана маданият жылын өткөрүү боюнча иш-чаралар планын бир ай ичинде иштеп чыгуу сунушталды.
Бул жарлык расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.