Өлкөдө бензиндин баасы дагы кымбатташы мүмкүн

Кыргыз жеринде күйүүчү майдын баасы дагы кымбатташы мүмкүн. Бул тууралуу бүгүн, 5-январда SUPER.KG порталына Монополияга каршы жөнгө салуу агенттигинен билдиришти. Орусиянын компанияларында баа жогорулаганына байланыштуу Кыргыз жеринде да баа өсүп жатат. Айтылгандарга таянсак, күйүүчү майлар өлкөгө мурункудан 10 пайызга кымбат алынып келинүүдө. Бул кырдаал канчага чейин кармалары азырынча белгисиз.

"Бизде эле эмес, Орусиянын өзүндө күйүүчү май кымбаттап жатат. Ошол себептүү алдыда дагы баанын өсүшү күтүлөт", - деп билдирди мекеменин атаандаштык жана монополияны жөнгө салуу бөлүмүнүн башчысы Саткыналы Сакебеков.

Эскерте кетсек, Бишкектеги автоунаага май куюучу жайларда (АЗС) учурдагы баалар мындай:

АИ-98 - 45 сом 00 тыйын;

АИ-95 - 42 сом 00 тыйын;

АИ-92 - 39 сом 50 тыйын;

АИ-80 - 35 сом 00 тыйын;
Дизель майы - 36 сом 50 тыйын;
Дизель майы (кышкы) - 41 сом 50 тыйын;
Автоунаа газы - 23 сом 50 тыйын.
Автоунаага май куюучу айрым жайларда баалар 1, 1,5 сомго төмөн. Мисалы:

АИ-95 - 40 сом 50 тыйын;

АИ-92 - 39 сом 00 тыйын;

АИ-80 - 34 сом 00 тыйын;
Дизель майы - 35 сом 80 тыйын.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
Bekzamann
2017-01-06 00:04:14
Жакшы эмес кабарго...
0
etaj_rus79
2017-01-06 15:00:03
россия аксизный марканын нологун которду ошого бензин которулуп кетти сигарет спирт ичимдиктерида которулду
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан