ЖЫЛНААМА, 6-ЯНВАРЬ: 605 жыл мурун Франциянын улуттук баатыры Жанна д’Арк төрөлгөн

Мындан 605 жыл мурун, 1412-жылы 6-январда Франциянын улуттук баатыры Жанна д’Арк төрөлгөн. Францияда жүз жылдык (1337-1453) согуш жүрүп жаткан убакта Жанна өзүн Кудайдын элчиси катары жарыялап, “Францияны баскынчылардан бошотуу - ыйык милдетим” деп айтып чыгат. “Кудайдын элчиси” деген аңыз бүткүл Францияны каптап, падыша Карлга чейин жетет. 19 жаштагы Жанна падышанын кабылдамасында болуп, аскер берүүсүн суранат. Ал макул болуп, аскерлерин Жанна менен чогуу жөнөткөн. 1429-жылы баатыр кыз Орлеанды англиялыктардан бошоткон. Андан кийин француздарга башка бир нече жеңиштерди алып келген. Жаннанын жеңишинен кийин падыша Карл таажысын кийип тактыга отурат.

1430-жылы Франциядагы бургундиялыктардын партиясына туткунга түшүп, алар Жаннаны англиялыктарга сатып салышкан. Англиялыктар баатыр кызды еретик деп күнөөлөп, чиркөө сотуна өткөрүп беришкен. Өз падышасынын кыянаттыгынын айынан жоокер кыз туткундалып, чиркөөнүн адилетсиз соту динге каршы келген көз карашы үчүн Жаннаны айыптуу деп табат. 1431-жылы 30-майда Франциянын Руан шаарында 19 жаштагы Жанна д’Арк эл алдында тирүүлөй өрттөлгөн.

6-январга карата жылнаама.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан