Бишкектин унаа жолдору тосмолор менен бөлүнүүдө

"Бишкек асфальт-сервис" муниципалдык ишканасы Дэн Сяопин кең көчөсүнө Интергельпо көчөсүнөн Алыкулов көчөсүнө чейин темир тосмолорду орнотууда. Бул тууралуу Бишкек шаардык мэриясынын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, тосмолор жүргүнчүлөр тыюу салынган жерден өтүп, кооптуу кырдаал жаратпашы үчүн, айдоочулардын жана жөө жүрүүчүлөрдүн коопсуздугу, жол кырсыктарын алдын алуу үчүн орнотулуп жатат. Бийиктиги 1,5 метр болгон тосмолор 3,5 чакырымга чейин орнотулат.

Андан сырткары ишкананын кызматкерлери "Кудайберген" базарынын жол тилкесине да бетон тосмолорун (парапет) орнотушары жазылат маалыматта.

"Урматтуу шаардыктар! Бишкек мэриясы ар бириңерден жолдо абайлап жүрүүнү суранат. Ошондой эле муниципалдык менчикке аяр мамиле кылууга, жол белгилерин жана көрсөтмөлөрдү талкалабоого чакырат", - деп жазылат маалыматта.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (8)
momun74
2017-01-06 10:14:07
Эн сонун качан эле ошентсе болмок
+2
kuba.kq8705
2017-01-06 10:25:20
ошто давно койулганго
0
tilek-x
2017-01-06 10:50:34
kuba.kq8705,Оштон мурда Жалал-Абад шаарында койулган
0
Bolunbo.kyrgyz
2017-01-06 14:05:59
tilek-x,урушпагыла
0
gugu2727
2017-01-06 12:07:48
ХХХ окшоп көрүнгөн жерден өтө берсе тосотта
0
admin_portal
2017-01-06 12:09:45
gugu2727, этика нормаларын сактаңыз!
0
aikokul14
2017-01-06 13:06:48
Ушул тосмолор эч жакпады да,рульдагы адамга жоо жургунчу тосмонун арасынан чыгып келе жатканы корунбойт экен.
-1
barakcha
2017-01-06 14:57:50
Тосмонун арасынан чыга калбай жол чырактан кана откуло эми!Жапайычылыктан арылганга аракет кылалычы?
+2
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан