Кечээ, 5-январда "The Times" басылмасы "Британиянын ханышасы аз жерден күзөтчүсүнүн колунан өлүм таап кала жаздады" деген көпчүлүктү таң калтырган жаңылык жазып чыкты.
Маалыматтарга караганда, Елизавета II (Елизавета Александра Мария) түнкү саат 3төрдө уйкусу качып, хан сарайга сейилдөөгө чыккан. Кара пальточон, белгисиз караандын жүргөнүн байкаган күзөтчүлөрдүн бири "Ким бар бул жерде?" деген суроосуна жооп ала алган эмес. Бактыга жараша, ал жакын келип, ханыша экенин көргөн.
"Улуу урматтуу, мен сизди аз жерден атып сала жаздадым" деген күзөтчүгө ханыша "Эми ар бир сейилге чыккан сайын күзөтчүгө бул тууралуу эскертип турушум керекпи?" деп тамашалай жооп узаткан. Бул окуя качан болгону маалыматтарда айтылбайт.