Нарын шаарында 1200 жолбун итти атууга 216 672 сом бөлүндү

Нарын шаарында ит, мышыктардан жугуучу ооруларга бөгөт коюу жана алдын алуу максатында жолбун иттердин санын азайтуу иштери жүргүзүлүүдө. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы билдирди.

Мэриянын буйругуна ылайык, мергенчилик чарба менен келишим түзүлүп, жолбун иттерди атуу иштери уюштурулууда.

"Нарын шаарынын жергиликтүү бюджетинин эсебинен 216 672 сом акча каражаты бөлүнүп, ага 1200 жолбун итти атып жок кылуу иштери башталды. Бүгүнкү күнгө карата 120дан ашык ит атылды. Шаардык ички иштер бөлүмү иттерди атып жок кылуу учурунда коопсуздукту сактоо үчүн мергенчилерге көмөк көрсөтөт. Ал эми шаар тургундары жолбун иттер көп жүргөн жерлер боюнча мергенчилер коомуна же “Таза-Нарын” ишканасына маалымат берсе болот", - деп жазылат маалыматта.

2016-жылы шаардын бюджетинен 170 миң сом каражат бөлүнүп, миңге чукул жолбун ит атылганы маалым болду.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан