Ыйман, адеп жана маданият жылына карата кандай иш-чараларды өткөрүү керектигин жарандар сунуштай алышат. Бул тууралуу бүгүн, 6-январда президенттик аппараттын башчысынын орун басары Мира Карыбаева билдирди.
Анын айтымында, Ыйман, адеп жана маданият жылын өткөрүү боюнча иш-чаралар планын бир ай ичинде иштеп чыгуу милдети өкмөткө тапшырылды. "Бул жылды өткөрүү боюнча уюштуруу комитети жарандык коомдун өкүлдөрүнүн катышуусу менен түзүлмөкчү. Ар бир жаранда, уюмда, мекемеде тиешелүү иш-чараны сунуштоого мүмкүнчүлүк бар", - деди Карыбаева.
Журналисттер Ыйман, адеп жана маданият жылына карата иш-чараларды өткөрүүгө канча каражат жумшалары тууралуу суроо беришкенде, президенттик аппараттан так жооп бере алышкан жок. Этностук, диний саясат жана жарандык коом менен өз ара аракеттенүү бөлүмүнүн жетекчисинин орун басары Алмаз Кулматовдун айтымында, тиешелүү иш-чараларды өткөрүүгө өлкөнүн күчү жетет. "Өткөрүлчү иш-чаралар кымбат окуялар эмес. Алардын көбү жаштарыбызды адептүү жана ыймандуу, терең билимдүү, башка ой-пикирлер менен көз караштарга сабырдуу кылып тарбиялоого багытталган", - деди Кулматов.