Эксперт: "Сириядагы согушка 800дөй кыргыз жараны катышып жатканы расмий айтылууда, бирок мындан да көп болушу мүмкүн"

Бүгүнкү күндө Сириядагы согушка 800дөй Кыргыз мамлекетинин жараны катышып жатканы расмий айтылууда, бирок чындыгында мындан да көп болушу мүмкүн. Мындай оюн бүгүн, 6-январда диний маселелер боюнча адис Кадыр Маликов билдирди.

Анын айтымында, 2011-жылы Сирияда конфликт башталганда "Аль-Каида" интернет аркылуу бардык мусулман өлкөлөрүндөгү жаштарга кайрылып, согушка катышууга чакырык жасаган. "Террордук уюмдун күчү пропагандага жумшалган. Бир гана Орто Азия мамлекеттеринин жарандары эмес, батыш өлкөлөрдүн жарандары да Сирияга жөнөшкөн. Бул көйгөй биздин өлкөбүзгө да тийген. Бүгүнкү күндө Сириядагы согушка катышып жаткан чет өлкөлүктөр ИГИЛге кысым жасалган сайын мекендерине кайтышы толук мүмкүн. Адам өлтүргөн, кан көргөн террорчулар мекендерине кайтышып, террордук аракеттерин улантышы ыктымал", - деди Маликов.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (6)
uli1988
2017-01-06 13:51:06
Аллахым озу сактасын эч жерде эч качан акыркы убакытта сени жихадка ундой албайт бул ар бир мусулмандын тандоосу а мен тандайм ар убакытта кыргызстанда эркиндиктин туусу желбиресин деп
0
A3A
2017-01-06 13:58:35
Ал жакта Кыргызга кереги жок адамдар, келсе тyрмoнун тyбунoн орyн алышсын!
0
ady-88
2017-01-06 14:36:04
Ушул игил дагы не балекет дейт жаман тойгоздуда. Даджалдын армтясы экенин билип туруп кеткенине тан калам. Куранда кайсыл жкринде адамды олтур зордукта деп жазылып турат. Каапыр эмес кумурсканы олтургонго акыбыз жокго.
+1
Revolyutsiya
2017-01-07 05:04:27
Диний сабаты томон адам - бирок акылдуу корунгусу келген адам журуп отуруп чала молдо дин бузар болот, динди толук тушунбой айрым жерлерин бурмалап отуруп. Кийин диний фанатка айланат. Оорусу отушкондо радикал болуп чыга келет. Радикалдан терроризмге бир кадам... Сирияга жоноп кеткендер баары радикал, барып колуна курал кармап террорист болушту. Бугун Кыргызстанда соок кордогондор да эртен колуна курал алып чыгышы мумкун имамы ошону буюрса... Андай радикалдар форумда да толтура.
0
altyn7776
2017-01-07 20:05:43
Биздин улуттук коопсуздук кызматы эмне.. эшек такалап отурабы? Ушундай терс корунушторго алдын ала анализ кылып, эл менен иштешпейби?
0
jypara1415
2017-01-08 00:45:05
Биздин бир тааныш 1986-жылы туулган байке , 2012-жылы Сирияга кеткен боюнча дайын-оту жок . Апасы бугунку кунго чейин ыйлап отурат . Тируу эмес деген тыянак чыгарып коюшкан .
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан