Учурда интернетте өлгөн үкү менен сүрөткө түшкөн жигиттер талкууга алынууда. "Жигиттерди таап жазалоо керек. Кантип ушуга колдору барды?!" деп колдонуучулар нааразычылыктарын билдиришкен.
Сүрөттөгү жигиттердин бири, "Тамашоунун" "National" командасында ойногон Бек Темирбеков SUPER.KG порталына окуя тууралуу буларды билдирди: "Достор менен Сосновка айылында жолдо бара жатып өлүп калган үкүнү көрдүк. Анан сүрөткө түшүп, андан ары кеткенбиз. Сүрөттү интернетке жүктөп, кайра өчүрүп салгам. Ал эми үкүнү өлтүргөнгө же ага зыян келтиргендиги үчүн айып салынарын билген эмесмин".
Белгилей кетсек, өткөн жылдын ноябрь айында Мамлекеттик экологиялык-техникалык инспекция Кыргыз Республикасынын аймагында юридикалык жана жеке жактардын жаныбарлар дүйнөсүнүн объекттерине келтирген зыяны үчүн айып өлчөмдөрүн жарыялаган. Ага ылайык, мыйзамсыз атуу, кармоо жана жок кылгандыгы үчүн Кызыл китепке кирген мыкый үкү үчүн 3000 сом, чоң үкү үчүн 10 миң сом айып салынат.