Биометрикалык паспортторду киргизүү демилгесинин парламентте четке кагылганынын дагы бир олуттуу себеби айтылды

Мамлекеттик каттоо кызматы "жарандардын жеке маалыматтары ишенимдүү сакталат" деп депутаттарды ынандыра алган жок. Бул тууралуу бүгүн, 6-январда Жогорку Кеңештин депутаты Мирлан Жээнчороев билдирди.

Анын айтымында, Жогорку Кеңеш биометрикалык паспортторду киргизүүнү колдойт, бирок тиешелүү мыйзам долбоору чийки даярдалган. "Мисалы, долбоордо каржылоо булактары белгиленген эмес. Ким төлөш керек, 2,5 миллион жаранбы же мамлекетпи? Ушул жана башка маанилүү суроолорго жооп таба алган жокпуз", - деди депутат.

Эскерте кетсек, 27-декабрда Жогорку Кеңештин Эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук боюнча комитети Кыргыз Республикасында биометрикалык паспортторду киргизүү тууралуу мыйзам долбоорун бир добуштан четке кагышкан. Комитеттин төрагасы Аскарбек Шадиевдин айтымында, өлкөдө биометрикалык паспортторду киргизүү Мамлекеттик каттоо кызматынын бизнесине айланышы мүмкүн.

2017-жылдын февраль айынан тарта Кыргыз Республикасынын жарандарына биометрикалык паспорттор берилери пландалган болчу. Мамлекеттик каттоо кызматынын төрагасы Тайырбек Сарпашев биометрикалык паспорттордун артыкчылыктарын атаган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан