SUPER.KG порталынын "Суперстан" бөлүмүндө "Эркек эмне максатта үйлөнөт?" деген тема талкууга алынууда.
Темадагы билдирүүлөрдөн:
"Ар ким ар кандай максат коюп турмуш курат. Миграцияга келсек, азыркы жашоо өзү ушуга мажбур кылгандай. Мисалы, жаңы эле турмуш куруп, анан 2-3 жыл келинчегин таштап кетип калгандар көп. Албетте, аял мындайда психикалык жактан жабыр тартат. Чет өлкөгө кетсе аялын бирге алып кеткени оң, болбосо толук бутуна тургуча үйлөнбөй эле койсун".
"Ар кайсы кызга азгырылып, зына кылуудан алыс болуш үчүн, тукум улап, бактылуу, ыйман жолундагы үй-бүлө куруш үчүн үйлөнөт. Үйлөнгөнгө чейин жарым ыйман үйлөнгөндөн кийин толукталат".
"Бир жигит "туш келген кыз менен түнөбөш үчүн үйлөнүп алдым" деген эле".
"Бирөө өзү жашаган райондун рэкетинин карындашына үйлөнгөн. Айылда көкүрөк көтөрүп жүрөт, бирөө тийишсе кайнагасына айтат, бирок аялын күндө сабайт экен".
"Үйлөнөт десе эле үйлөнүп алып, алган келинчегиңди да кыйнап, батирден батирге көчүп жашагандан көрө үйлөнбөй эле турган жакшы".
"Биздин айылдагы мен курактуу балдар биринин артынан бири үйлөнүп, дүңгүрөтө той беришкен. Азыр алардын 70 пайызы ажырашып кетишти. Бир-экөөсү гана жашап жатат. Ошол учурда алар мода сыяктуу эле үйлөнүшкөнбү деп коём".
"Кээ бири чогуу иштеп, башка үй-бүлө мүчөлөрүн багыш үчүн үйлөнөт".
"Үй-бүлө куруунун максаты жеке мен үчүн бирөө эле, ал - тукум улоо".
Талкууга кошулгуңуз келсе, бул жакка кириңиз.