Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн “Мамлекеттик төлөмдүн өлчөмдөрүн бекитүү жөнүндөгү” 1994-жылдын 18-июлундагы №521-токтомуна ылайык, даректик маалым каттын наркы 20 сом турат. Бул тууралуу Мамлекеттик каттоо кызматынын басма сөз кызматы бүгүн, 6-январда SUPER.KG порталына билдиришти.
"Жарандар маалым кат алуу үчүн бекитилген үлгүдөгү арыз менен кайрылышат. Арыздын баасы - 1 сом. Азыркы убакта даректик маалым кат бюросунан (ДМБ) тиешелүү документ автоматташтырылган маалымат тутумунун негизинде берилет", - деп айтылат маалыматта.
Аны менен иштеген ар бир кызматкер жарандардын кайрылуусу боюнча автоматташтырылган маалымат тутумуна кирген учурда программа эсеп жүргүзүп, алынган ар бир маалым кат саналат. Жыйынтыгында ар бир кызматкер ДМБ автоматташтырылган маалымат тутумуна канча жолу кирип, канча жолу маалым катты принтер аркылуу басып чыгарганы боюнча маалымат эсептелип, түшкөн каражаттар боюнча ай сайын текшерүү жүргүзүлөрү маалым болду.
"Оштогу Даректик маалым кат бюросундагы ар бир маалым кат үчүн 50 сом алган факт боюнча Мамлекеттик каттоо кызматына арыз же кызматтын ишеним телефон номери (0312) 62-41-40 боюнча кайрылууларын суранабыз", - деп кошумчалаган басма сөз кызматы.
Эскерте кетсек, окурман "Элдик кабарга" Оштогу Даректик бюродо иштегендер ар бир маалым кат үчүн 50 сомдон алышарын билдирип, анын наркы канча турарын сураган.