"Ыймандуу, маданияттуу болгула" деген чакырыктар менен жыйынтыкка келе албайбыз", - деди президенттик аппараттын башчысынын орун басары Мира Карыбаева бүгүн, 6-январда Ыйман, адеп жана маданият жылына арналган маалымат жыйынында.
Анын айтымында, ар бир адамдын коомдо өзүн алып жүргөнү анын ички маданиятын көрсөтөт. "Жакшы билим жана тарбия алган адам адепсиздикке барбайт. Тилекке каршы, жарандарыбыз адепсиз иш-аракеттерди жасаган окуялар көп байкалууда. 2017-жылды "Ыйман, адеп жана маданият жылы" деп жарыялоону өз убагында кабыл алынган чечим деп эсептейбиз. "Ыймандуу, маданияттуу болгула" деген чакырыктар менен жыйынтыкка келе албайбыз, мындан улам жоопкерчиликти күчөтүү керек", - дейт Карыбаева.
Эскерте кетсек, 4-январь күнү Бишкекте жагымсыз окуя катталган. Анда шаардагы акча алмаштыруучу жайлардын биринин кызматкери полиэтилен баштыкчасына заара ушатып, "Тазалыктын" кызматкерлеринен анын артынан жыйноону талап кылган.