SUPER.KG порталынын "Суперстан" бөлүмүндө "Ала жипти аттагандар кандай жазага татыктуу?" деген тема талкууга алынууда.
Темадагы билдирүүлөрдөн:
"Ала жипти аттабаш үчүн динден кабары болуш керек, акыреттеги азаптары кандай болорун билиши керек".
"Эгер чөп салганын билсек, уруш-жаңжалы жок, "тынч эле кийимиңди жыйнап, чыгып кет үйдөн" деш керек. Кесип, анан күйгүзүштүн эч кереги жок, көзгө чөп салуу - бул кечирилгис нерсе. Мен эч качан кечирбейм, себеби мага таандыкпы, демек, меники болуш керек, башка бирөө менен бөлүшпөйм, элестете да албайм".
"Күйөөм ар дайым эскертип турат, "Андай нерсе болбойт. Сенде болсо жашооңдон түңүлгүн. А мен "измена" кылсам сени кыйнабай чыгып кетишим керек, сени таштай албайм, демек, кам санаба" деп".
"Чөп салып бүткөндөн кийин жаза эмне кылып бермек эле, кечиргендер кечирип жашай берет, кечирбегендер ажырашып кетишет".
"Берилген жаза ошол ала жипти аттаганы өрттөп кеткен жан дүйнөдөгү боштукту толтура алса кана, толтура албайт да?!"
"Мисалы, ким менен болду, ошого карап чечим чыгармакмын. Сүйлөшүп, көпкө жолугуп жүргөн болсо, "балдардын, элдин көзүнө убактылуу мен өзүмө келгиче бир үйдө, бирок башка төшөктө жатып туралы" демекмин. А эгер бир күндүккө барса, унчукпайт болчумун, болуп турат да мындайлар эркектерде".
Талкууга кошулгуңуз келсе, бул жакка кириңиз.