Жаңы жылдан тарта "О!" мобилдик операторунун абоненттери балансын толуктоо үчүн мурдагыдан 2 эсе көп акча төлөп жатышат. Бул абал абоненттердин арасында нааразычылык жаратууда. Ал эми аталган мобилдик оператордун өкүлү SUPER.KG порталына бүгүн, 6-январда кызматтын кымбатташына компаниянын тиешеси жок экенин билдирди.
"Биздин абоненттерибиздин мындай кырдаалга кабылганы "О!" мобилдик операторун өкүндүрөт. Баланс толуктоодогу кызматтын өзгөрүшү төлөм системинин операторлорунун өз алдынча демилгеси. Буга эч кандай каржылык негиз болгон эмес. Биздин компания тарабынан төлөм системинин операторлоруна карата, агенттик акы төлөмүнө өзгөрүү киргизилген жок. Комиссиянын 2 эсе негизсиз жогорулашын туура эмес деп эсептейбиз жана бул суроону чечүү үчүн активдүү иш жүргүзүп жатабыз", - деди өкүл.