ЖЫЛНААМА, 6-ЯНВАРЬ: Кыргыз Республикасынын Эмгек сиңирген дарыгери, медицина илимдеринин доктору, профессор Камчыбек Узакбаев 60 жашка толду

Кыргыз Республикасынын Эмгек сиңирген дарыгери, медицина илимдеринин доктору, профессор Камчыбек Узакбаев 1957-жылы 6-январда Талас облусундагы Талас районунун Шумкар-Уя айылында туулган. 1979-жылы Кыргыз мамлекеттик медициналык институтунун дарылоо факультетин аяктаган.

К.Узакбаев КРнын Саламаттыкты сактоо министрлигинин алдындагы Энени жана баланы коргоо улуттук борборунун директору. Ал 7 ойлоп табуунун, 78 илимий иштин, 4 монографиянын автору. Анын 10 илимий эмгеги чет өлкөлөрдө колдонмо катары пайдаланылат. Бишкек шаардык кеңешинин 3-чакырылышынын депутаты болуп шайланган.
Кыргыз Республикасынын Балдар хирургдары ассоциациясынын президенти, КМШнын Педиатрлар ассоциациясынын вице-президенти кызматтарын аркалаган. "Эненин жана баланын саламаттыгы" аттуу мезгилдүү илимий-практикалык медициналык журналынын башкы редактору. Камчыбек Узакбаевдин жетекчилиги астында Энени жана баланы коргоо улуттук борборунда дартты аныктоо жана дарылоо жаатында 28 алдынкы жаңы ыкма өздөштүрүлүп жана тубаса дене кемчиликтери менен төрөлгөн балдарды дарылап, айыктыруу жаатында чет элдик адистер менен иштешүү оң жолго коюлуп, жогорку ийгиликтер жаралган. Андан тышкары Энени жана баланы коргоо улуттук борборунда өлкөдө биринчилерден болуп балдарга лапороскопиялык ыкма менен операция жасоо, жатындын миомасын рентген-хирургиялык ыкма менен дарылоо киргизилген.
Дарыгер "Манас" эпосунун 1000 жылдыгы" эстелик медалы (1995), "Кыргыз Республикасына 10 жыл" эстелик медалы (2001), "Саламаттыкты сактоонун ардактуу кызматкери" төш белгиси (1995), Түрк тилдүү өлкөлөрдүн педиатрлар ассоциациясынын алтын медалы (2013), Тажикстан Республикасынын Авиценна медалы (2013) жана Кыргыз Республикасынын Ардак грамоталары менен сыйланган.

6-январга карата жылнаама.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан