1-январдан тарта "О!" уюлдук операторунун кардарлары үчүн бирдик жүктөө кызматынын баасы 10 сомго чыкканы нааразычылыктарды жаратты. Ал эми уюлдук оператор төлөм кызматынын кымбаттоосуна компаниянын тиешеси жоктугун, кызматты Төлөмдөр системи боюнча операторлор ассоциациясы кымбаттатып жатканы тууралуу билдирүү таратты.
Карапайым эл ашыкча чыгымына кайгырып жатса, кимдир бирөөлөр бул окуяны саясий кызыкчылыктарына колдонуу менен алек. Тактап айтканда, алар бул окуяны Максим Бакиевдин "60 тыйыны" менен салыштырып, интернет айдыңында президенттин ишенимдүү кадры Сапар Исаковду каралоого өтүштү. Бул каралоонун социалдык тармакта тездик менен таркашы анын атайын уюштурулганынан кабар берет.
Акыркы мезгилдерде 40 жаштагы Сапар Исаковдун саясий рейтингинин жогорулап жатканын (SUPER.KG сайтындагы сурамжылоо – А.Д.) эске алганда, каралоону уюштургандарды анын келерки президенттик шайлоодо күчтүү атаандаш болуп калуусунан чочулагандар деп түшүнсө болот. Демек, бул кара пиардын артында ажолук тактыны эңсеген оппозициячылдар же президенттин тегерегиндеги эле Исаковдун атаандаштары турушу мүмкүн.