Бүгүн, 6-январда өкмөттүн алдындагы Монополияны жөнгө салуу агенттигинде "О!" мобилдик операторунун жана төлөм системинин өкүлдөрүнүн катышуусунда жыйын өткөн. Анда эки тарап балансты толтуруу акысын мурдагы өлчөмдө калтыруу чечимине келишкен.
Айта кетсек, жаңы жылдан тарта "О!" мобилдик операторунун абоненттери балансын толуктоо үчүн мурдагыдан 2 эсе көп акча төлөп жатышкан. Буга аталган мобилдик оператордун өкүлү SUPER.KG порталына кызматтын кымбатташына компаниянын тиешеси жок экенин билдирген.
Ал эми төлөм системдеринин бири болгон "Мобильник" төлөм системинин адиси бул абал боюнча төмөнкүлөрдү билдирген эле: "О!" мобилдик оператору кызматташуудагы шарттарды олуттуу түрдө бир тараптуу өзгөрткөндүгүнө байланыштуу 2017-жылдын 1-январынан тарта аталган мобилдик оператордун төлөмдөрүнө комиссияны жогорулатууга мажбур болдук".