Бүгүн, 7-январда христиандар Иса пайгамбардын туулган күнүн белгилеп жатышат. Юлиан календары боюнча Рождествону орус православдык чиркөөсүндө, Сербия, Грузия, Иерусалим жана Польшадагы чиркөөлөрдө белгилешет.
Иса пайгамбардын туулган күнү чоң диний майрам катарында кайсы мезгилден тарта белгилене баштаганы, пайгамбардын туулган жылы туурасында так маалыматтар жок. Айрым диний китептерде бул мезгил 4-кылымдагы христиан чиркөөсүнүн Рим империясын бийлей баштаган учуруна туура келери айтылса, дагы бирөөлөрүндө кийинчерээк баштала тургандыгы жазылган. Бирок Орусия аймагында майрамды белгилөө 10-кылымда өлкөдө христиан дининин кабыл алынышы менен башталганы маалым.