Стамбулда жаап жаткан кардан улам аэропортто бир катар эл аралык каттамдар токтотулду. Алардын арасында Кыргыз Республикасына келе турган учактар да бар. Катуу жааган кар учактардын учуп-конуусуна тоскоолдук жараткан. Бул маалыматты "Манас" аэропортунун өкүлдөрү да тастыкташты. Ошондой эле Бишкектен Стамбулга учуучу учак да кармалып турат. Кечиккен рейстер бүгүн кечке чейин Бишкекке учуп келери күтүлүүдө.