АКШнын Флорида штатында атылган октон каза болуп, жабыркагандардын арасында кыргыз жарандары жок

АКШнын Флорида штатында атылган октон каза болуп, жабыркагандардын арасында кыргыз жарандары жок. Бул тууралуу Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинен билдиришти.

Айта кетсек, 26 жаштагы Эстебан Сантьяго Даниа Бич шаарындагы Форд-Лодердейл аэропортунда жүктөрүн алуу үчүн кезекте турган адамдарга куралдан ок чыгарган. Анын огунан 5 адам каза болуп, жалпы 37 адам жабыркаган. Эстебан Сантьяго огу түгөнгөн соң куралын таштап, полицияга багынып берген. Ал буга чейин психикалык дарылануу курсунан өтүп жүргөн.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан