Төкмө акын, обончу Майра Керим кызы арабызда болгондо 55 жашка толмок. Ал 1962-жылы 8-январда Алматы облусунун Кеген районундагы Жылуу-Сай айылында туулган. 2009-жылы рак оорусуна чалдыгып, катуу оорудан улам 18-августта каза болуп, Тоң районунун Ак-Сай айылына коюлган.
М.Керим кызы 50дөн ашык обондун ээси. Айрыкча “Жар керек”, “Сени сүйгөн бир адам бар” деген ырлары Кутман Жолдошевдин аткаруусунда ыр сүйүүчүлөрүнүн жүрөгүнөн орун тапкан.
8-январга карата жылнаама.