Кинорежиссёр Темир Дүйшекеев 74 жаш курагында дүйнө салды

Кинорежиссёр Темир Дүйшекеев 74 жаш курагында дүйнө салды. Бул тууралуу кесиптештери SUPER.KG порталына билдиришти.

Маалыматка караганда, Темир Дүйшекеев 7-январь күнү узакка созулган оорудан улам көз жумган. Аны акыркы сапарга узатуу иш-чарасы 9-январь күнү Бишкектеги өз үйүндө өтөт.

Айта кетсек, Темир Дүйшекеев 1943-жылы Ысык-Көл облусунун Саруу айылында жарык дүйнөгө келген. Ал совет доорунда бир катар режиссёрлор менен иштешип, "Кыргыз кереметинин" жаралышына салым кошкон. Ошондой эле бир канча жыл Көк бөрү федерациясында башкы катчы болуп иштеген. Акыркы 2 жылда "Шабдан", "Саякбай", "Кентавр", "Сүтак" тасмаларына адабий кеңешчи болгон.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
madina.87
2017-01-08 16:50:06
Жаткан жери жайлуу,топурагы торко болсун!
Жакындарына терен кайгыруу менен конул айтам.
+2
Azizbek.kg8
2017-01-08 17:17:40
Арты кайыруу блсун
+2
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан