Чоң-Алай районундагы Ачык-Суу айылында үзүлгөн электр зымдары калыбына келтирилди

Чоң-Алай районундагы Ачык-Суу айылында үзүлгөн электр зымдары калыбына келтирилди. Бул тууралуу SUPER.KG порталына аталган айылдын светчиси билдирди.

Анын айтымында, үзүлгөн электр зымдары 5-6 сааттын ичинде эле калыбына келтирилген.

Буга чейин окурман: "Эки үйгө электр тогун өткөргөн зымдарды чөп жүктөгөн унаанын айдоочусу үзүп кеткен. Зым бир жарым суткадан бери жерде чубалып жатат. Кокус бирөө токко урунуп алса, ким жооп берет? РЭСтин кызматкерлеринен дайын жок", - деп билдирген эле.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан