Чолпон Жакупованын ордуна Дүйшөн Төрөкулов Жогорку Кеңешке депутат болду

Конституцияга өзгөртүү киргизүүгө макул болбой, мандатын тапшырган Чолпон Жакупованын ордуна “Бир бол” партиясынын тизмесиндеги Дүйшөн Төрөкулов мандат алды. Бул тууралуу Борбордук шайлоо комиссиясынан билдиришти. Маалым болгондой, 6-январда БШК Төрөкуловду депутат катары каттап, күбөлүгүн тапшырган. Төрөкулов кийинки аптада жыйында ант берип, кызматына киришет.

Конституциянын өзгөртүлүшүнө каршы чыккан Чолпон Жакупованын депутаттык мандаты 1-январдан тарта токтотулган эле. Аны мандатын тапшырбоого чакыргандар да көп болгон, бирок депутат айтканынан кайткан жок.

Дүйшөн Төрөкулов мурда Ош шаардык Дене тарбия жана спорт комитетинин жетекчиси болуп иштеген. Коомчулукта анын "Душка" деген лакап ат менен белгилүү криминалдык чөйрөнүн өкүлү экени айтылып жатат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан