ЖЫЛНААМА, 9-ЯНВАРЬ: 66 жыл мурун Нью-Йоркто БУУнун штаб-квартирасынын имараты ачылган

Мындан 66 жыл мурун, 1951-жылы 9-январда АКШнын Нью-Йорк шаарында Бириккен Улуттар Уюмунун штаб-квартирасынын имараты расмий түрдө ачылган. 1949-жылы 4-октябрда Нью-Йоркто бул имараттын пайдубалы тургузула баштаган. БУУнун штаб-квартирасы аталган уюмдун негизги жумушчу органдарынын расмий кеңсеси болуп эсептелет.

Штаб-квартираны куруу үчүн бүткүл дүйнө жүзүнөн Николай Басов (СССР), Оскар Нимейер (Бразилия), Макс Абрамович (АКШ), Владимир Бодянский (Франция), Эрнст Кормье (Канада), Уоллес К. Гаррисон (АКШ), Шарль И. Ле Корбюзье (Франция), Свен Маркелиус (Швеция), Г.А.Свайё (Австралия), Лян Сэ Чэн (Кытай), Энтони Антониадэс (Греция), Мэтью Новики (Польша) жана Эрнест Вайсман (Югославия) аттуу архитекторлор, дизайнерлер, инженерлер чакырылган. Бул адамдардан турган топ 50 ар кандай долбоорлорду жаратып, акырында франциялык Ле Корбюзьенин идеясына токтолушкан. Имараттар 7 гектар аянтка, 167 метр бийиктикте курулган.

БУУнун Нью-Йорктогу имараттарынан тышкары Швейцариянын Женева шаарында, Австриянын Вена шаарында жана Кениянын борбор шаары Найробиде регионалдык штаб-квартиралары бар. Бирок уюмдун маанилүү чечимдери Нью-Йоркто кабыл алынат. Маалыматтарга таянсак, дүйнө жүзү боюнча БУУнун 170 мамлекеттен 61 миңдей кызматкери бар. Ал эми Нью-Йорктогу штаб-квартирада алардын үчтөн бир бөлүгү эмектенет.

9-январга карата жылнаама.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан