Ош шаарында акыркы үч жылда курулуштарга 15 миллиард сомдон ашуун каражат жумшалган

Ош шаарында быйыл сейил бактар оңдоп-түзөөдөн өткөрүлөт. Бул тууралуу бүгүн, 9-январда Ош шаардык мэриясынын басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, шаар мэри Айтмамат Кадырбаев Ош шаарындагы курулуштардын жүрүшү менен таанышты. Анда калаа башчысы быйыл Ош шаарында бир катар курулуштар болорун белгилеген.

“3 жылдын ичинде республикалык жана жергиликтүү бюджеттен, коомдук уюмдардан жана башка чет элдик өнөктөштөрдөн келген инвестициялардан Ош шаарында жалпысынан 15,4 миллиард сомдук капиталдык салым өздөштүрүлгөн. Акыркы үч жылда 2 мектеп салынып бүтсө, 5 мектеп курулуп жатат. Мындан тышкары 6 бала бакча колдонууга берилсе, 2 бала бакчанын курулушу жүрүүдө. Ошондой эле жолдорду оңдоо, жаңы эки көпүрөнүн курулушу, жашылдандыруу, тазалык багытындагы ири иштер аткарылууда”, - деп билдирди Кадырбаев.

Маалыматка таянсак, 2017-жылы шаар аймагына бир көпүрө, веложол куруу пландалууда.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан