Орусиянын Архангельск облусуна метеориттин калдыгы түштү. Бул тууралуу бүгүн, 9-январда чет элдик маалымат булактары жазып чыгышты.
Маалыматка ылайык, метеориттин жарылышы түн ичинде орун алып, жолдо бараткан унаанын видеокамерасына түшүп калган. Анын жарылган калдыктары калктуу конушка түшкөн. Жергиликтүү Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин башкармалыгы билдиргендей, жарылуудан жабыркагандар жок.
Эске салсак, буга чейин Хакасиянын Саяногорск шаарына метеориттин калдыгы түшкөн. Катуу ылдамдыкта келип жарылган метеориттин өңү кызыл-сары түстүү болгону айтылган.